www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдү калкалагандардын баарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жоюп салды. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Ал Кумтөрдү кыргыз элине алып бергенде мурдагы президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болмок эместигин белгиледи.

"Садыр Нургожоевич мени мамлекеттик комиссиянын төрагасы кылып чакырганда, үчүнчү ирет президенттер суранып жатканын айттым. Аягына чыгара алам, механизмдерин, тарыхын билем, иштетип кете турган жигиттер бар, бирок саясий эрк керек дедим. Алтынды көрсө периште дагы адашыптыр болуп, буга чейинки президенттер дагы адашып жүргөн. Аларды туурагандар да адашып, калкалап жүрүшкөн. Азыр ошол калкалагандардын баарын Камчыбек Кыдыршаевич жойгондуктан 31 миллиард сом түшүп жатпайбы. Алар алтынга аралашып кеткенден кийин Кудай дагы, эл дагы жаман көрүп калган", — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал тунгуч президент Аскар Акаев коррупциялык учурларды тастыктап бергенден кийин Centerra компаниясы сүйлөшүүгө ыкчамыраак келе баштаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости