www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Адахан Мадумаров камалса, аны колдогон тарапташтары саясатчылар саясий, маалымат талаасында опурталдуу окуяларды жаратып коюшу ыктымал», - деди бүгүн, 15-февралда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.
- Адахан Мадумаров камалып калышы мүмкүнбү? Аны чек ара чырына себеп болгон протоколду жокко чыгаруу үчүн камоо аракети башталдыбы?
- Бүгүн тигил же бул саясатчы, депутат кандайдыр бир козголгон кылмыш иш менен камалбайт же караланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеп дегенде парламент көп добуш менен Мадумаровду камалсын деп кол көтөрүшсө, укук коргоо органдары тергөө иштеринин жана документтердин, экспертизанын негизинде аны убактысынча кармап, суракты жүргүзө бериши мүмкүн.
Бирок, Адахан Мадумаров жөнөкөй киши эмес. Убагында чоң кызматтарда иштеген. Иштеп жүргөндө протоколго кол койгон. Аны өзү да танбайт. Бирок, ошол протоколдун бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде юридикалык күчү жана легитимдүүлүгү бардыгы боюнча юристтер, саясатчылар түрдүү пикирлерин айтышууда.
- Айтканыңызга ынаналы, бирок, тажиктер ошол протоколду бетине кармап, төрт көчө боюнча маселе жаратып жатпайбы?
- Ошол протоколду бетке кармап, тажиктер төрт көчө боюнча таасирдүү оюндарын баштаганы баарыбызга эле белгилүү. Алар эптеп жерге ээ болуп калууну максат кылып жатышат. Бирок, ушул протоколду негиз кылып, Адахан Мадумаровду айыптап камоо өтө опурталдуу жагдайды жаратышы мүмкүн.
Анткени, ал камалып калса, аны колдогон тарапташтары саясатчылар саясий талаада, маалымат талаасында чоң-чоң опурталдуу окуяларды жаратып коюшу ыктымал.
Ошон үчүн аны камоо көпкө ойлонулуп жасала турган иш.Ошондой эле чек ара боюнча протоколдордун баарын иликтеп, аларга ким жооптуу, ким жоопсуз экенин да карап чыгышыбыз керек.
Себеби, кол коюлган протоколдордун баарын коңшу мамлекеттер юридикалык күчкө ээ деп, ошол протоколдордун негизинде чек араны деморкация, делимитация кылып пайда көрүүгө аракет кылып жатышса, анда албетте, биздин көптөгөн саясатчылар жана даражалуу кызматта иштеген мамлекеттик кызматкерлер да жоопко тартылып калышы мүмкүн.
Ошон үчүн камоого ашыкпай адегенде ал протоколдорго юридикалык жана саясий баа берип, кылдат иликтеп анан чечим чыгарыш керек.
Булак: NazarNews.kg