www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түшкөндүгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. 

Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. 

Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости