www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тигүү жиптерин, пахтадан кездемелерди жана буюмдарды чыгарган «Текстиль Транс» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Текстиль Транс» заводунун директору Базарбек Абдыраев жаңы кубаттуулуктарды иштетүүүчүн кошумча трансформатордук станцияларды орнотуу жана ишке киргизүү керектигин айтты, бирок аларга уруксат алына элек.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдарга ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүдө зарыл болгон маселелерди тез арада чечүүгө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

«Эгерде биз мамлекетти өнүктүрөбүз, жумуш орундарын түзөбүз, калктын киреше деңгээлин көтөрүп, салыктык чегерүулөрдү көбөйтөбүз десек, бизнес менен өндүрүштү өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Өндүрүш кызматкерлерин колдоо, аларга зарыл шарттарды түзүү жана жаңы инвесторлорду тартууга жагымдуу мүмкүнчүлүк жаратуу бул мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ болгон ар бир кызматкердин милдети»- деди ал. 

«Текстиль Транс» ишканасы ата мекендик текстиль өнөр жайынын флагмандарынын бири.

Учурда фабрикада 1500гө жакын адам иштейт. Фабрикап бүгүнкү күндө республикадагы пахта продукциясын чыгаруучу эн ири завод. Жылдык өндүрүш жалпы линияда чыгарылган байпактардын саны  7 миллион жупка жакын.

Ошондой эле «Текстиль транс» фабрикасы да Чүй өрөөнүндө пахтаны эгүү жана өстүрүү боюнча пионер болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости