www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда өтө баштаган 75-Канн кинофестивалынын ачылыш салтанатында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видеокайрылуусу көрсөтүлдү. Өз сөзүндө ал украиналыктар өз эркиндиги үчүн күрөшүн улантып жатышканын, андан башка жолу жок экенин айтты жана экран аркылуу көрсөтүлгөн согуш жана диктатура менен Украина туш болгон реалдуулуктун байланышына токтолуп, диктатор утуларына ишенерин белгиледи.

Ошондой эле Зеленский Украинаны кандай жол менен болсо да колдоого чакырып, унчукпай отурбоону суранды.

Быйыл Канн кинофестивалында Мариуполдо иштеп жатып каза болгон литвалык документалист Мантас Кведаравичюстун "Мариуполис 2" тасмасы көрсөтүлөт.

Фестиваль Украинадагы согушту жана Орусиянын бул өлкөгө карата агрессиясын ачык айыптады. Орусиянын расмий делегациясына бул иш-чарага катышууга быйыл уруксат берилген жок. 

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости