www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жумада Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Арсланбапта "Ак илбирс" аталышындагы заманбап балдардын ден соолугун чыңдоо борборун ачышты.
Экөө жетелешип гантель көтөрүп, баскетбол, футбол, бильярд ойношту, ок атуучу аянтчада ок атышты. Мелдештин соңунда УКМКнын жетекчиси Ташиев Акылбек Жапаровду «шеф» деп кубок тапшырды. Ошол эле кезде, Жапаров жайдаңдап Ташиевди далыдан таптап жалпактап жатышы көзгө өөн көрүндү.
Мындай жасалма жыттанган ысык мамиленин түйүнүн, жандырмагын таба албай, кимисине кошомат айтаарын билишпей кошоматчылар катуу чайналышты.
Ырасында, Акылбек Жапаровдун жакында кызматтан кете турганы, ордуна Камчыбек Ташиев келет деген сөздөрдөн улам, экөө мышык-чычкан оюнун ойноп жатабы, же бирин-бири алдай албай соодалашып жатышабы, кыскасы президенттин оолактап эле көз ымдашып калганын көптөр түшүнө албай жатышат...
Эмнеси болсо дагы, жакынкы күз мезгили саясатта чоң өзгөрүүлөргө бай болоору Ак үй тарапта ачык айтылууда. Шах-маттык жүрүштөр орун алса, ким кандай фигуранын ролун аткарып калат, жакынкы айларда күбө болобуз.
Булак: NazarNews.kg