www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети дары-дармектерге бааларды белгилөө эрежелерин бекитти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган эрежелердин негизги максаты калк үчүн дары-дармектерди жеткиликтүү кылуу. Баа чеги эң зарыл буюмдардын тизмесинде белгиленет. Ал эми товарларга бааларды белгилөөдө башка мамлекеттердеги дары-дармектин баасы, ташуу баасы, ошондой эле бажы төлөмдөрү жана жыйымдар сыяктуу факторлор эске алынат.
Белгилеп кетсек, фармацевтикалык уюмдарга дарыларды белгиленген лимиттен ашык сатууга тыюу салынат.
Эреже Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн каражаттарга, ошондой эле баасы 100 сомго чейинки дары-дармектерге тиешелүү эмес.
Булак: NazarNews.kg