www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улуттук банктын жамаатын юбилейи менен куттуктап, финансы-кредиттик мекеменин кызматкерлеринин өз ишин берилгендик менен аткаруусу өлкөнүн финансы рыногунун ырааттуу өнүгүү процессин сактоого олуттуу салым кошкондугун белгиледи.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, финансы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

«Бул - фондулук рыноктогу процесстерди жана кызматтарды санариптештирүү, финансылык маркетплейсти ишке киргизүү, мамлекеттик банктарды кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында актуалдуу саналган санариптик сомду тестирлөө», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы финансылык рыноктордо Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда.

«Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул жагдай Улуттук банктын улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле калктын финансылык институттарга болгон ишенимин сактоо боюнча ишти уланта турган финансылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана банктын ар бир кызматкеринин аталган ишти аткаруудагы жоопкерчилигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости