www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Акылбек Жапаровду "кызматтан кетет" деген "өрдөк" сөздөр коомчулукка тарап жатат. Мындай шамал кайсы жактан согуп жатканы түшүнүктүү да. Жапаровдун ишине эч ким "эки" деген баа бере албайт, туурабы? Иштин көзүн билген кадр экени да талашсыз. Өкмөт башчысына келип жатканда эле амбициялуу программасын айткан.

Буга чейинки башбакандардан мындай сөздү уккан да эмеспиз. "Кийинки жылдын бюджетин 500 миллиард сомго, андан соң 600 миллиард сомго чыгарам, Кумтөрдүн чийеленишкен маселесине чекит коём" деп аткан да Акылбек мырза.

Бул ишти аткаруу кимдин колунан келет, айткылачы? Анын акылы чындыгында кырк качырга жүк. Пайдаланып калбайлыбы?.. Көшөгө артынан айрым кландар каршылык көрсөтүшүп, жандалбаска түшүп атышканы байкалууда.

Баягы эле жеңил-желпи сөздөр. Негизи эле кызматынан кетирүүгө жасалган аракеттер суу кечпейт. Акылбек Жапаровго каршы интрига, "кырчаңгы оюндун" аягы "сынат" го...

Булак: Азия News гезити

Последние новости