www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК КР ИИМ түзүмдүк бөлүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте ушул жылдын 4-февралында Каракол шаардык ИИБ кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Такталгандай, Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты «Т.Б.Т» жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын капитаны «А.К.Т.» сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча каражатын талап кылышкан.

Иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексини 343-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери кармалып, КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Түп ИИБ тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости