www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Bloomberg маалымат сайты түз эфирдик берүүсүндө "Орусия Украинаны басып алды" деген баш макаласын жарыялады. Кабар жарыялангандан кийин жарым сааттай баш макалада турган. Кийинчерээк Bloomberg сайты кечирим сурап, кабар жаңылыштык менен жарыяланганын билдирди.

New York Post гезитиндеги кабарга караганда Bloomberg сайтынын түз кабар бөлүмүндө "Орусия Украинаны оккупациялоодо" деген аталыштагы макала жарыяланган.

Аталган агенттик жаңылыштыктарын мойнуна алып, көптөгөн сценарийлер боюнча баш макалаларды жарыялаганын жана кокусунан "Орусия Украинаны басып алды" деген баш макаланы жарыялаганын айтты.

"Ката үчүн терең кечирим сурайбыз! Аталышы өчүрүлдү жана себебин иликтеп жатабыз", - деп айтылат сайттын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, Bloomberg маалымат агентиги Нью-Йорк шаарынын 2002-2013-жылдар аралыгында мэри болгон Майкл Блумбергге таандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости