www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабырбек Жумабековдун салмагы канчалык экенин эл көрсөтүп жатат. Бул кишинин баркын бир кызматка теңебешибиз керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо өзүнүн социалдык баракчасына билдирди.

"Министр өтө майда экен! Жетекчи деген ушактын деңгээлине түшүп жаман абысындарча жамандашып эмес, жетекчилик дарамети бийик болушу керек деп ойлойм. Ар бир ишинин аягында чуу болуп эле жатат.

Ар ким менен урушуп - талашкандан башка кыларга иши жокпу деп ойлойт экенсиң. Андан көрө саламаттыкты жакшыртуу үчүн жаңыча аракеттерди кылса жакшы болмок! Сабырбек Жумабековдун салмагы канчалык экенин эл көрсөтүп жатат.

Бул кишинин баркын бир кызматка теңебешибиз керек. Кызматсыз деле кылып келгени жана кыла турганы көп. Мындай учурда арстан менен чөөнүн икаясы эске түшөт экен", - деп белгилеген эл өкүлү.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости