www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жумуш учурунда ичимдик ичип жаткан видеосу интернет айдыңына тарады.

Социалдык тармактын колдонуучулары министр аракты, кола менен ичип жатканын жазышууда. Кадрдан Алымкадыр Бейшеналиевдин жардамчысы ага бир стакан суу (ичимдик болушу ыктымал) алып келип берген. Стакандагыны ичип үстүнөн коко-кола суусундугун ичип жатканын көрүүгө болот. Ал эми интернет колдонуучулары бул видеого «закускасы кола» деп билдирүү жазышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин министр өзү «мен өзүм ичимдик ичпей, корпоративдерде кызматкерлерге колдоо болсун деп, жардамчыма стаканга суу куйдуруп, ичимиш болуп коём» деп айткан.

Эске салсак, буга чейин Бейшеналиев «дарыгерлер менен жолугушууга мас болуп барганымды кимдир бирөө далилдесе, отставкага кетейин дегем», - деген билдирүү жасаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости