www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттер, блогерлер өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу позитивдүү аналитика жазууга чакырды.
Минтип “аналитика” жазгыла деп ыйламсырап суранып калганына караганда, мамлекеттин маалымат саясатын жүргүзгөн Дайыр Орунбековдун колунан фейк-троллдорду иштеткенден башка эч нерсе келбей турганын түшүнгөн окшойт. Болбосо, президент айткандай, "саясатты урдурган менен дээринде жок жалкоолор" чогулуп алышканына, мамлекеттик маалымат саясаты нөл экенине эми араң көзү жеткен.
Эң кызыгы, өкмөттүн, бийликтин ишин даңазалоону, маалыматтык саясатын жүзөгө ашырууну олчойгон акча төлөп фейк-троллдорго карматкандар, мыкты аналитика, иликтөө кылган журналисттерди, блогерлерди жээрип, куугунтуктап, анан аналитика жазып бергиле дешкени, логикага сыябы?
Айына олчойгон айлык алышып, фейсбукка "өнүгүп жатабыз, биздин президент красавчик, 30 жылда мындай болгон эмес оо-уу" деген өңдүү коёндой окшош эки ооз сүйлөм жазып, бийликке сын айткандарды каргап отурган фейк-троллдордун аналитика жазганга мээлери жетпейт бекен? Ошондой болмок, башкача болушу мүмкүн эмес. Кызыгы, акчасын фейк-троллдор алса, аналитиканы журналисттер, блогерлер жазып бериш керек экен да. Мынча эмне акылдуу?
Ошол фейк-троллдордун фабрикасын башкарган Дайыр Орунбековдун ырыстуу аналиткалык макаласы бар бекен? Мурда-кийин жазыптырбы? Акылбек Жапаров Орунбековго “маалыматтык манипуляция менен алек болуп отура бербей, коомду, элди алдыга жетелеген позитивдүү агартуу багытындагы жеткиликтүү, сиңимдүү бир аналитика жазчы” деп, маңдайына отургузуп 1 саат убакыт берип көрсө болмок. Эмнени жазмак көрөт эле?..
Булак: NazarNews.kg