www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөтү Playboy журналынын башкы бетине чыккан Франциянын тилектештик, социалдык экономика жана коомдук турмуш боюнча мамлекеттик катчысы Марлен Шяппа кызматынан бошотулду. Анын жүзү аталган журналдын жазындагы санына чыккан. Бул тууралуу BFMTV каналы билдирди.
Апрель айында премьер-министр Элизабет Борн мамкатчыны журналдын сунушуна макул болгону үчүн жазалап, ага сөгүш жарыялаган.
Le Figaro гезитинин жазганына караганда, премьер-министр тилектештик, социалдык экономика жана коомдук турмуш боюнча мамлекеттик катчыга телефон чалып, анын маеги «азыркы социалдык контекстте таптакыр ылайыксыз» деп билдирген.
Өз кезегинде Твиттерде 40 жаштагы мамкатчы Шьяппа бул кадамын «бардык жерде аялдардын укуктарын коргой турганын» айтып, «Францияда аялдар эркин» деп түшүндүргөн.
Журналдын башкы редактору Жан-Кристоф Флорентандын айтымында, 100 000 нускада басылган журнал үч саатта сатылып кеткен. Басмаканадан 60 000 даананы кайра басып чыгарууга буйрутма берүү пландары тууралуу кабарланган.
Апрель айында мукабадагы мамлекеттик катчынын айынан Францияда Playboy басылмасынын сатылуусу кескин өскөндүгү айтылган.
Булак: NazarNews.kg