www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Шербет Келдибекова: Арабызда жок он жыл

Күн туңгуюк тарткан ноябрдын акыркы күндөрү. Күн супсак, абдан супсак эле. Шербет эжекенин үйүндө жакындары шыкалып турдук.Түнү кирпигин какпаган жубайы, андан сегиз ай өтпөй анын артынан кете берген Алым Токтомушевди чакыргансыды. Алым жезде келгени көп өтпөй бул дүйнө менен коштошуп кете берди.Чаркыраган чаңырыктар, анын арасында өзгөчө добуш берген,сегиз ай өтпөй  ал да өчкөн Алым Токтомушевдун үнү азыр да кулагыма жаңырып тургансыйт.Бирок арадан он жыл өтүп кетиптир...

Шербет эжекем биздин мектепте сабак берип калды. Дамир байке 10 класс, Айнур, Айгүл, Гүлнур эжекелер 9, 7, 5 класс, мен 4 класс, карындашым Венера 2 класс, андан кийинки Жаныбек, Жалын окуй элек. Атам менен апам Шербет эжекеме өтө аяр мамиле жасашат, ошондуктан ал жашаган «эң төркү үйгө» эч ким кирбейт, ал эмес андан берки конок тоскон «төркү үйгө» кирбейбиз. Биз балдар «маңдайкы үй»  менен «кухняда» чуру-чуу түшүп ойнойбуз, байкоосуздан «далистен» Шербет эжекемдин караанын көрсөк «тоңдурмай» деген оюндагыдай тып эстелик болуп катып калабыз. Шербет эжекем «далистен» сыртка же «төркү үйгө» кирип кеткиче үйдү жымжырттык басат. Андан соң кайра чуру-чуу башталат.

Бир күнү жашыл чоң альбом алып келди. Мени чакырып жардам берип кой деди. Куштарланып, ынтызарланып жардам бердим. Үйдөгү тытылып жаткан альбомдордогу сүрөттөрдү чогултуп альбомго чаптап жатат, мен жардам берип жүрөм. Анан айтып калды: «Сен ушул альбомдорго көз салып жүр» деп. Бул альбомду бүткөн жок Баткен жакка, анан Нарынга кетти. Бирок альбомдорун мага табыштап кетти. Ошол жашыл альбомдон соң мен дагы 90 жылдарга чейин ончакты альбом жазадым. Бул альбомдордун абдан кереги тийди. Бир туугандардарга сүрөт керек учурда ушул альбомдордон пайдаланып атышты.Көп видеолорго негиз болуп берди. Учурунда ушул альбомдордон сүрөт алабыз деп тытышкан учурлар болгон. Эми болсо телефонго тартып алышат.

Дагы айта турган нерсе альбомдорду иреттегени апам мага берчү. Бермет эжекем каза болгондо альбомдору абдан иретсиз калыптыр. Мен аны иреттеп кызы Ажарга тапшыргам.

Жазында Шербет эжекемдин кызы Гүлзар Бурул таэжемдикинен келатам деп келипттир. Ушул альбомдорду көрүп отуруп таң калды. «Мен кичинекей кезимде өзүм түшкөн, бирок көрө элек сүрөттөрдүн бары бар экен» деп сүйүнүп бир топ сүрөттөрдү телефонуна тартып кетти.

Алым жезденин өлүмгө карата тубаса көз-карашы бар эле. Анткени, ал кездеги адамдарды социалисттик коом атеисттик принципте тарбиялаган. Алым Токтомушев улуу атеист болгон. Биз өлөбүз, ошол бойдон чирип жок болобуз, кайтып келбейбиз деп көп айтчу. Мен алардын качандыр бир убакта кайтып келүүсүн каалар элем! Мына Шербет эжекемдин суналган бойдон аркы дүйнөгө кеткенине тогуз жыл толуп, онунчу жылга кетип баратат. Ал кезде түнү боюу жанында отуруп, жаңы эле эс алууга кыйшайып, өмүрлүк жары коштошо албай кете бергенин билип, ботодой боздоп ыйлап отурган Алым да аркы дүйнөгө Шербеттин артынан кете берген...

Эки жүрөк, эки талант куюлушуп кумга сиңген суудай жок болушту
Кыздар поэзиясын бийиктикке көтөрүп чыккандардын бири Шербет Келдибекова 1949-жылы 26-майда туулган. Күздүн акыркы борошону акын Шербет Келдибекованы чын жайына учуруп кетти, көп өтпөй анын артынан эгиз козудай ээрчишип жүргөн Алым Токтомушев кете берди. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова ыр мухитине чөмүлүшкөн таланттар эле.
ХХ- кылымдын 70-жылдары жалаң кыргыздын таланттуу кыздарынан түзүлгөн поэзиянын мукам үндөрү жаңыра баштайт. Бул таланттардын добушу бир гана Ала-Тоодо эмес Москвада, Киевде, Варшавада, Прагада, Гаванада, Берлинде, Ташкенде, Алматыда, Ташкенде, Тбилициде, Бакуда, Минскиде, Ригада, Ашхабадда, Таллинде, Кишиневдо, Ереванда, Вилньюста, Белградда, Будапештте, Софияда, Дүйшөмбүдө, Улан-Батордо, Бухарестте, Ханойдо, Пхеньянда жаңырып турган. Кыргыз кыздарынын үнү алысты сермеп, жаңырып турганы сыймык эле. Шербет эжекемди тамашалап «Кемпирлер поэзиясынын өкүлү» деп койчумун, көрсө ал мезгилде жапжаш экен, азыр да жаш борйдон калды. Бирок жаштар үчүн анын өкүлдөрү насаат айта турган ак сакалдуулукка баратат. Кыргыздын «кыздар поэзиясы» тарыхта калды «кыздар» боюнча...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости