www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 4 млрд кВт/саатка же 25%га өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында айтылды.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы электр энергияны керектөө 15,4 млрд кВт/саат болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч 19,3 млрд кВт/саатты түздү.
Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин алдында калкты жана экономиканы үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле өлкөдөгү электр энергиянын тартыштыгын жоюу маселеси турганын белгилеп. бир катар тапшырмаларды берди.