www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Бишкек шаарынын Анар-Бак жаңы конушундагы мыйзамсыз курулуштар боюнча маалымат берди.
Анын айтымына караганда, Анар-Бак жаңы конушунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чечим кабыл алынган. Ушуга байланыштуу интернет булактарында кыш чилдеде, адамдар жашап жаткан үйлөр да бузулат экен деген нааразычылык билдирген видеолор жана маалыматтар тарап жатат.
"Бул видеолор жана маалыматтар президентке жеткен. Президент бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыш мезгили бүткөнгө чейин адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо боюнча тапшырма берди", – деди ал.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады.
"Ичинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбайт.
Мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок толук бүтө элек курулуштар, киши жашабаган, имараттар гана алынат жана тазаланат.
Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт"