www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 21-январь күнү Араван районунун ички иштер бөлүмүнө 1985-жылы туулган А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. 

Анда 2026-жылдын 21-январь күнү үйүнүн короосунан 1 баш багылган кочкорун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. 

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. 

Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2026-жылдын 22-январь күнү кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган О.С. жана 2003-жылы туулган Д.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр дагы башка даректеги үйдөн 2 баш кой уурдагандыгы аныкталып, койлор ээлерине кайтарылды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери облус аймагында мал уурулук кылмыштарынын бетин ачуу багытында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 13 адамдан турган 4 кылмыштуу топ аныкталып, 36 кылмыштын бети ачылган.

Учурда Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Последние новости