www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын ноябрынан 2025-жылдын октябрына чейин дүйнөдөгү 25 өлкө Израилге 21 миллион тоннадан ашык чийки мунай жана кайра иштетилген мунай продуктыларын жөнөткөн.
Бул туурасында «OilChange International» уюмунун Бразилияда өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясынын (COP30) алкагында жарыяланган жаңы отчетунда айтылганын “Фарс Ньюс” агенттиги маалымдады.
Отчетко караганда, Азербайжан менен Казакстан Израилдин импорттогон чийки мунайынын 70%га жакынын камсыздаган.
Кайра иштетилген мунай продуктуларын экспорттоодо Россия, Грекия жана АКШ алдыңкы орундарда турат.
АКШ Израилге JP-8 аскердик авиациялык күйүүчү майын экспорттогон жалгыз мамлекет. Бул күйүүчү май согуштук учактарда колдонулат.