www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы суткада СOVID-19дун 14 жаңы учуру катталды

Республикалык штаб Кыргызстанда коронавирус кайрадан баш көтөрө баштаганын маалымдады.

"Өлкөнүн бардык облустары жашыл зонада. Бирок оору жуктургандардын саны акыркы жумада көбөйө баштаганы байкалууда", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы суткада өлкөдө жалпы 14 адамдан COVID аныкталган. Анын баары Бишкек шаарында. Бейтаптардын бирөө ооруканада дарыланып жатса, 13ү медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда. Илдет илештиргендердин ичинен экөө гана эки ирет вакцина сайдырганы айтылды.

Ооругандардын жаш курагы:

18-29 жаш – 3;

30-64 жаш – 9;

65 жаштан жогоркулар – 2.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 201 215 адам коронавирус жуктурган.

Илдеттин кесепетинен каза болгондор 1,5 пайызды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости