www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын делегациясы Улуу Британияга барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен королдугуна жумушчу сапары менен барды.

Анын алкагында Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын юбилейлик форумуна, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусунун 30 жылдыгына арналган бизнес-форумга катышты.

Касымалиев жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн акыркы 30 жылдагы артыкчылыктар жана кемчиликтер менен коштолгон экономиканын өнүгүү этаптарына токтолду. «Саясий жана экономикалык өнүгүүнүн кыйынчылыктарына карабастан, Кыргыз Республикасы өзүнүн көз карандысыздыгын бекемдеп, эл аралык мамилелердин жооптуу катышуучусуна айланды.

Бул мезгил ичинде республиканын ички дүң продукциясы үч эсеге, ал эми чет элдик валютадагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1991-жылга салыштырмалуу болжол менен 35 эсеге өстү.

Бул жылдар аралыгында өлкөгө олуттуу чет элдик инвестиция тартылды. Дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсү Кыргызстандын продукциясын керектөөчүсү болуп саналат. Бул аралыкта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте баасы 800 млн доллардан ашкан 207 долбоор ишке ашырылды», - деди ал.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

Атап айтканда, Адылбек Касымалиев менен Казакстан Республикасынын премьерминистринин орун басары – Казакстан Республикасынын финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ал эми Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Усмонали Усмонзода менен соода-экономикалык маселелерге басым жасоо боюнча пикир алмашуу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости