www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын №152 кичи автобусунда катталган чыр боюнча эки тарап тең бири-бирине каршы арыз жазышкан. Эми алардын аракеттерине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуянын катышуучулары М.Н.нын жана Б.К.нын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланары айтылды.
Эскерте кетсек, 9-июлда Н.М. аттуу жаран шаардагы каттамдардын бириндеги кичи автобуста белгисиз адам ага кол көтөргөнүн айтып, арыз менен кайрылган. Бул боюнча тиешелүү ыкчам издөө иштери жүрүп, жүргүнчүгө кол көтөрдү делген 34 жаштагы Б.К. аттуу жаран милицияга жеткирилип, ал окуя боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берген.
Булак: NazarNews.kg