www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жарым кылымда Франция Африканын 26 өлкөсүндө 67 жолу аскердик төңкөрүш жасаган. Алардын 16сы Франциянын таасири дагы деле сакталган өлкөлөр.

Бир кезде Франциянын колониялары болгон 14 Африка өлкөсүндө "колониялык салык" бар. Жыл сайын Франция алардан эбегейсиз зор суммада — 500 миллиард долларга жакын акча алат.

Буга 1958-жылга чейин Франциянын кол алдында болуп, андан кийин көз карандысыздыкка ээ болгон Африка мамлекеттери кирет.

Колониялык салыктарды дагы деле кайтарып келе жаткан өлкөлөр - Бенин, Буркина-Фасо, Гвинея, Кот-д'Ивуар, Мали, Нигер, Сенегал, Того, Камерун, Борбордук Африка Республикасы, Чад, Конго, Экватордук Гвинея жана Габон.

Бул өлкөлөрдүн калкынын жалпы саны 174 миллион, номиналдуу жалпы ички дүң продукциясы - 196 миллиард доллар, ички дүң продукт сатып алуу жөндөмдүүлүгү - 411 миллиард долларды түзөт.

Формалдуу түрдө Франция колониялаштыруу саясатын токтотту, бирок африкалык 14 мамлекетте экономикалык колониялоо деп аталган нерсе уланууда. Колониялардын бюджетинин бир бөлүгү Франциянын борбордук банкына ар кандай аталыштар жана ар кандай беренелер менен келип түшөт.

Ошентип, Франция өзүнүн мурдагы колонияларынын жылдык кирешесинин 85 пайызга жакынын алат. Бюджеттин калган 15 пайызы менен жашоого аракет кылуу Африка өлкөлөрүнүн финансылык кыйынчылыктарга дуушар болушуна жана Франциянын борбордук банкынан карыз алууга аргасыз болушат.

Өздөрүнүн акчасын алуу үчүн Африка өлкөлөрү Францияга которгон сумманын 20 пайызынан ашыгын талап кыла алышпайт. Эгерде алар бул суммадан ашык алууну кааласа, анда мурдагы колонизаторлор вето коюшат. Франция өз кезегинде имараттарды жана инфраструктураларды курууга бир кылымдан ашык убакыт мурун сарпталган каражатты кайтарып алып жатканын баса белгилейт.

Африканын кээ бир өлкөлөрүндө башкаруучу колониялык салыкты төлөөдөн баш тартса, анда төңкөрүш болот.

Бул орус күчтөрүнүн, атап айтканда, Вагнер жеке аскердик компаниясынын катышуусуна чейин болгон. Эми баары башкача болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости