www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Акыл Кемелов "Яндекс" такси боюнча маселе көтөрдү.

"Яндекс" такси кызматынын тиркемеси менен чет элдик компаниялар биздин рынокто иш алып барып жатат. Ошолор биздин мамлекетке салык төлөйбү?", - деп сурады депутат.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков Экономика жана финансы министрлиги Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтты. "Анда Google, Facebook, Яндекстин салык төлөшү боюнча өзгөртүүлөр киргизилген", - деди ал.

Депутат: "Яндекс" биздин жарандардын эсебинен, мамлекетибиздин аймагынан акча таап, салык төлөбөгөнү туура эмес. Алардан салык түшүшү керек. Башкача технологиясын алып келип, ата мекендик компанияларды кысып койду. Кеч аракет көрүп жатасыздар. Эрте чара көрүш керек эле", - дейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости