www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыл Кемелов:

"Кумтөр голд компани" ишканасында кадрдык башаламандык башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундарды жумуштан кетирип жана ата мекендик подрядчы компаниялар менен келишимдерди токтотуп, Түркия, Казакстандын ишканалары менен келишим түзүп жатат. Мындан улам депутат президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Буга чейин Кумтөрдүн жетекчилиги маалымат берсин деп айткан элем. Алмасбек Ахунжанович, сиз муну көзөмөлгө алып койсоңуз. Президентке да, Кумтөрдүн жетекчилигине да айтып койсоңуз. Ушундай мамиленин артынан Көлдө эл көтөрүлүп кетпесин. Муну эскертип коёюн. Ал кишиге ("Кумтөр голд компанинин" сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк — ред.) президентибиз, парламент, эл ишенип койсо өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жатат. Кадрдык башаламандыкты ушундайында токтотсун", — деди депутат.

Ошондой эле ал Көлгө барып эл аралап жүргөндө ар бир айылдан жумуштан кеткен жарандар арызданганын белгиледи.

"Кумтөр" азырынча депутаттын айтканы боюнча билдирүү тарата элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости