www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия ТИМи Кыргызстандагы шайлоо тууралуу эмне дейт?

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандагы парламенттик шайлоо тууралуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, эл аралык байкоочулардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде КМШнын мониторингдик миссиясы добуш берүү ачык-айкын өтүп, одоно мыйзам бузуулар болбогонун билдирген. 

"Кыргызстан элинин тандоосу өлкөдөгү туруктуулукту бекемдөөгө жардам берет деп ишенем. Ошондой эле мыйзам үстөмдүгү орногон демократиялык өнүгүүлөр болуп, экономикалык жылыштарга алып келишине тилектешпиз”, — деди Захарова.

 

Мындан тышкары, ал парламенттин жаңы курамы Россия менен кызматташтыкты күчөтүп, Евразия алкагында интеграциялык процесстерге түрктү болоруна үмүт артарын кошумчалады.

Захарованын айтымында, Кыргызстандагы шайлоонун ийгиликтүү өтүп кетишине кол кабыш кылуу үчүн Орусия бийлиги колдон келген жардамын көрсөтүп, РФтин аймагында 21 шайлоо участогун ачып берген.

Кыргызстанда 28-ноябрь күнү парламенттик шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, Жогорку Кеңешке алты партия өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости