www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасынын Үчүнчү фазасын даярдоо (CARs-3) үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү Трасттык фондунун алкагында берилүүчү грант жөнүндөгү макулдашуу-каттын долбоорун жактырды.

Гранттык каражаттар натыйжасыз жумшалып жатканын белгилеген депутат Акылбек Жапаров комитет өкмөт мүчөлөрүнөн өткөн 25 жыл аралыгында алынган гранттык каражаттардын кайда жана кантип жумшалганы боюнча отчет берүүнү талап кылды. «Кыргызстан чейрек кылым ичинде эл аралык донордук каржы уюмдардан 9 млрд доллар көлөмүндө жардам алса, анын 3 млрд доллары гранттык каражат болуп саналат. Жок дегенде, биз анын кайда жумшалганын билишибиз керек», - дейт депутат.

Мындай сунушту тармактык комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев да колдоп, комитет мүчөлөрүн келерки жыйында Өкмөттүн гранттык каражаттардын жумшалышы боюнча маалыматын угууга чакырды.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости