www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кызматынын төрагалыгына жаңы дайындалган Адилет Кубанычбековго бажыдан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлду. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. Белгилей кетсек, кечээ Бажы кызматынын төрагасы жана анын эки орун басары алмашкан.
"Бажы кызматынан акча түшүүлөр боюнча быйылкы план 38 миллиард сом. Ошону эмдиги жылы 105 миллиард сомго көтөрөсүң деген милдет койдук. Быйыл эгер кытай тарап айткан алгоритмди ишке ашырсак, бизде ачык-айкындуулук болсо, кирип жаткан машиналардын санын эки эсеге көбөйтөбүз. Кечээ "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттеринен 30дан машина өттү. Кытай жакынкы 10 күндүн ичинде дагы эки эсеге көбөйтөбүз деп жатат. Андай болсо бул жигит күнүнө 100 машинадан өтө турган деңгээлге жеткириши керек", — деди Жапаров.
Өкмөт башчынын айтымында, Кытайдан ай сайын 5 000 машина кирип турушу керек. Ташылган жүктүн бир килограммынан жок дегенде бир доллардан ала турган болсо, бир жылда 1 миллиард 188 миллион долларга чейин кошумча акча түшөт. Жапаров ушундай механизмди президентке көрсөтүп, өкмөттүн планын бекитип, иштер башталганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg