www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда электрондук эсеп-фактура киргизилгенден кийин беш айда 746 миллиард сом көмүскөдөн чыгаары аныкталды. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Мирлан Жеенчороев көмүскө экономика расмий түрдө 26 пайыз болгону менен, расмий эмес маалымат боюнча 40 пайыздан ашаарын айтты. "Бул жерде 2-3 миллиард доллар жөнүндө сөз болууда. Эгер сиздердин планыңар ишке аша турган болсо бюджетке канча салык түшөт? Көмүскөдөгү 26 пайызды ачыкка чыгара аласыздарбы?", — деп сурады депутат.

Жапаров бул багытта 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактура киргизилгенин билдирди. "Ошондон кийин биз мурда көрбөгөн экономиканы көрө баштадык. Төрт-беш айда акча жүгүртүү 1 триллион 222 миллиард сомду түздү. Анын ичинен 746 миллиард сому патентке бөлүнөт экен, башкача айтканда, көмүскө жакка кетет. Эгер жаңы Салык кодексин кабыл алсак, электрондук эсеп-фактурасын, контролдук-кассалык машианаларды иштетип турсак, ал кошумча 50 миллиард сомдон түшүүнү камсыздап берет", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле, ал мындан ары туура эмес схемалардан баш тартып, баарын ачык-айкын жасай турганын белгиледи.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости