www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнүн неонатолог-дарыгери Айнара Доромбекова коронавирус жугузуп алган балдарда байкалчу сейрек белгилерди брифинг учурунда атап берди. Анын айтымында, ымыркайларда коронавирустун белгилери дароо билинбейт. Эгер бала ооруп калса, ал көп ыйлап, тамак ичпей, тынчы кетип, уйкусу начарлай баштайт.

"Бир айга толо элек наристелерде бул симптомдордун баары ич ооруга да тиешелүү. Бул маселе ичеги-карын системасынын жетиле электигинен келип чыгат", — деди дарыгер.

Коронавирустун сейрек белгилери:

  • Кусуу жана ич өтүү. Бул белги коркунучтуу. Анткени суюктуктун 10 пайызын жоготкон учурда бала кыйналып, ымыркайларды бул өлүмгө да алып келиши мүмкүн;
  • Бүдүрлөр. Коронавирус жукканда дайыма эле бүдүр чыга бербейт. Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам пайда болот. Көбүнчө алар бутка чыгып, бир жумага созулат. Мындай учурда ымыркайды улгайган адамдардан оолак кармоо керек.

Кургак жөтөл. Бул — жаңы төрөлгөн баладагы коронавирустун негизги белгиси.

Доромбекова ымыркайда коронавирустун белгиси байкалган учурда дарыгерге кайрылууну, бирок ооруканага барбай, медикти үйгө чакырууну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости