www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин администрациясынын жетекчиси - министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “АгроТехЭкспо-2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкесинин салтанаттуу ачылышында министрлер кабинетинин жарыяланган буйругу боюнча комментарий берди. Ага ылайык, "Электр станциялары" казакстандык “Hampton Resources Limited” компаниясы менен келишим түзүш керек. Келишимде компания Бишкек ЖЭБине Казакстандын Караганда облусунан “КО” маркасындагы көмүр концентратын жеткирет деп айтылат.

“Азыркы учурда Бишкек ЖЭБине аталган компаниянын 10 миң тонна байытылган көмүрү келип түштү. Ошентип, тесттик иш-чара өткөрүлүп, дээрлик 5 миң тонна көмүр колдонулду. Жыйынтыгында байытылган көмүр эки эсе үнөмдүү жана натыйжалуу экени түшүнүктүү болду. Буга байланыштуу бир айдын аралыгында көмүргө тест жүргүзүү чечими кабыл алынды”, - деди ал.

Мындан тышкары, Жапаров кийинки жумадан баштап байытылган көмүр жарандардын текшерүүсү үчүн аз санда Кыргызстандын базарларына чыгарыла турганын да билдирди. “Көмүрдүн баасы ата-мекендик өндүрүштөгү көмүрдүн баасы менен салыштырмалуу болот”, - деп кошумчалады ал.

Көмүрдү байытуу - бул отундун курамындагы минералдык кошулмалардын жана бош тектердин үлүшү азайып, көмүр кесимдин критерийине ылайык сортторго бөлүнгөн процесс.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости