www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согуш алааматын сездирип турган биздин кыргыздын Чингачкугу - Атамбаевдин жүзү. Бул Кыргызстан үчүн эң жаман кабар. Эки жыл камакта жэаткан соң партиялаш шакирттери «атаманын» көнүмүш аң-сезимден адаштырып, соолуктура алган жок, ал бийликте турганда даңаза үчүн дардаңдаган сыңары, дагы да дардаңдап алды.
Шайлоо алдында партиялык тизмеде №1 турам деп мактанып алды. Анын өзүн-өзү даңазалаган, көнүмүш дардаңпооз мактанчаактыгы жана адаттагыдай кимдир бирөөлөрдү маскаралоо, ачык эле күч түзүлүштөрүнүн кызматкерлерин жана алардын командирлерин бийликке баш ийбөөгө чакырганы жана жаңы тополоң чыгаруу үчүн ачык эле үгүттөө.
Мындай Атамбаевдин стилиндеги «кошокту» өлкө көптөн бери укпай калган. Эми болсо Атамбаев өзүнөн өзү өтүп кетти. Жаңы пайда болгон «Кошой атанын» менменсинүүсү, чыр уюштурууга болгон далалаты чектен чыгып, Бакиевге каршы уюштурган кампанияларга салыштырганда, андан да ашып кетти.
Алмазбек Атамбаевдин тантыгандары, зордук-зомбулук менен бийликке тийишкени жана аймак аралык жаңжалдарды күчөтүүгө чакырганы үчүн компетенттүү органдар тарабынан каралууга тийиш. Муну менен макул болбой коюуга болбойт.
Андан тышкары, оратордун акыл-эси жайында экенин аныктоо үчүн психиатриялык экспертизадан өткөзбөсө болбой калды. Акыл-эси жайында, ойлору тунук, соо адамдар мындай алабарман, чалакайым сөздөрдү айтпайт.
Ушундан улам селт этип, чоочуп кетсе болот. Атамбаев бийлик тарапка тор жайып, өлөр-өлгүчө күрөшкүсү келет. Экс-президенттин ким менен күрөшүүгө даярданып жатканы маанилүү болгону менен, эң башкысы сөз - анын деги эле күрөшкүсү келип турганы.
Атамбаевден эл - маанилүү, андан да эл-журттун жашоо-тиричилигин көтөрө турган сөздөрдү күтпөй калды. Ошондуктанбы, биздин «Кошой атабыз» факт жүзүндө камакта жатса да, депутат болом деп согуш жарыялады – бул бийлик үчүн жаман сигнал.
Албетте, Алмазбек Шаршенович зор күчтөргө эгедер эмес, бийлик менен теңата болууга күчү жок. Азыр теңеше албайт. Бирок элдин башын айлантып, тунук сууну чампалап, ылай сууга айлантууга таланты жетиштүү. Бул жагынан ага баа берип койсо болот, ал башаламандыкты уюштуруу боюнча алдына киши салбайт.
Азыркыдай күчү жок бийлик турганда, же өз күчүн ачык көрсөтүүгө даай албай турган бийлик турганда, Атамбаевдин чыр-чатактарды, тополоң уюштуруудагы тажырыйбасы тез эле өз жемиштерин берип коюшу да мүмкүн.
Атамбаевдин жүзү эки мерчемде көрүнүп турат. Бийликте жана оппозицияда. Чындыгы - оппозицияда конструктивдүү, салмактуу, бир калыпта эмес, жалган сөздөр менен элди митингге чогултуп, чаң-тополоң кылып жиберүүгө даяр. Ошондуктан бирөөлөрдү кемсинткен, жүрөктүн үшүн алган калп аралашкан, чагымчыл, ээликкен сөздөрдү аралаштырып жиберет.
Анын сөздөрүнөн журналисттер пайдаланып, ар кандай цитаталарга чачыратышып элге аралатып жиберет, калктын кээ бир жамандык издеп жүргөн катмарларына Атамбаев айткан ээн ооз, анын чириген сөздөрү майдай жагат.
Бул так ошол Атамбаевдин бере ала турганы. Албетте, көз карандысыз «төртүнчү бийликтин» өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Атамбаевдин сөздөрүнүн баасын билет, ошондуктан көбүнчө куйкум айтылган сөз катары колдонушат, анткени анын сөздөрү күлкүлүү жана чыр-чатактуу.
Андан тышкары Атамбаевдин «Апрель» телеканалы сыяктуу таянган, ишенимдүү «медиа-жүгүрүгү» бар, булар саясий кландын кызыкчылыгы үчүн акча алган соң, аны ар тараптан колдоп турат. «Апрелчилер» ачык эле салттуу ММК болбой, үгүттөө инструментине айланган.
Алар эч кандай формалдуу эрежелерди тутпайт. Алар кожоюнунун акчасы үчүн төштөрүн амбразурага тосуп койгон. Азыркы кырдаал аларды бүгүлтүп, көчүктөрүн кожоюнуна тостуруп берип койгон. Сойкулук жана махабат тууралуу бир анекдот бар эмеспи, ошого окшошуп.
Сойкуканада эркек аялга айтат эмеспи, секс үчүн акча төлөбөш үчүн, сени сүйөөрүмдү моюнума алам деп. Негизи, сүйгөнү үчүнбү, акча үчүнбү же идеялык кызыкчылыктар үчүнбү, маанилүү деле эмес, башкысы - Атамбаевдин телеберүүдө бригадасы бар экени чындык.
Биздин саясий элитанын туруксуздугу, «учурунда сатып кетпесе болбойт» деген принципке такала турганы да айныксыз. Ал эми бийлик өзүнүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, таарынычы үчүн душмандарынан кек алуу үчүн баарына дап-даяр турган, башаламандык, тополоңдордун «кудайы» Атамбаевден келе турган коркунучтарды сезбейт.
Атамбаевдин коркунучтарынан кутулуу үчүн Атамбаевге каршы турган күчтөрдү күчтөндүрүш керек. Буга чейин бийликтин «мээ борбору» болуп эсептелинип, эми өз салмагын жоготуп «тирүү өлүккө» айланган президенттик администрацияны чыңаш зарылдыгы турат.
Бул иштерге Атамбаевдин заманында анын кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн күчүгүндөй шыйпалаңдаган Баш прокуратураны, УКМКны жана башка күч түзүмдөрүн тартыш керек. Азыр башка убак - жарым эс, оорулуу Атамбаевдин ыкмаларына каршы чара көрбөсө болбойт.
Эгер бийлик - анын кыйкырыгы алсыз улам деп, жаңы келе жаткан башаламандыктын алдын албай «Боржоми» ичип чалкалап жатса, кийин кеч болуп калат... Ленинграддын үч революцияны башынан өткөзгөн даңазасы тууралуу сөздөр аралап жүрөт.
Атамбаев эки революцияны өзүм жасагам деп мактанганын токтотпойт. Эми үчүнчү революцияны да жасайм деген дымак бар, ошондуктан ушуга катуу даярданып жатат. Мындай башаламандык кылууну токтото турган убак келди.
Калайык-калкка Атамбаевдин ким экенин түшүндүрүш керек. Кытайга болгон карыздар Атамбаевдин убагында жаралган. Балким, Кытайдын кылтагына атайын салып бергендир? Кыргызстанды «аралап жүргөн» Атамбаевдин «карааны» самындын көбүгүндөй жарыла турган учур келди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg