www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик администрациясынын жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кышка даярдыгы канааттандыраарлык экенин билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 21-октябрда Бишкектеги «AгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнө келген учурда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

ЖЭБди тейлөө казакстандык компанияга берилгенинин себебин ал мындайча түшүндүрдү: «Hampton Resources Limited компаниясы Казакстандан 10 миң тоннага жакын көмүр алып келип жакты. Эки эсеге аз көмүр кетет экен. Байытылган көмүр деген эмне? Бул тазаланган деген сөз. Көп көмүрдүн курамын 30% топурак-таш түзөт, Кара-Кеченики да ошондой. Анан аны күйгүзө албай, мазут же электр энергия беребиз. А байытылган көмүрдүн эффективдүүлүгү эки эсе жогору болот экен.

Биз андан көбүрөөк жылуулук энергиясын ала алат экенбиз. Жыйынтыгында ыш беш эсе ылдый болот экен. Биздин лабораториялардын баары мына ошону тастыктады. Казакстандын көмүрү мурда бир эле от  казанда жагылса, биз эксперимент кылып 7 от казанда жагып жатабыз. 30 күн ушуну гана жагып көрөбүз, соңунда ышты чындап азайтса, келээрки жылдан баштап биротоло ушуга өтөбүз», - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook баракчасына билдирүү таратып, министрлер кабинетинин Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемесин ачыкка чыгарган. Ага ылайык, «Электр станциялары» акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБинин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келе турган Hampton Resources Limited компаниясына берилет. 

Президенттин расмий сайтына 20-октябрда бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө чыккан, анда абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүү максатында ушундай чечим кабыл алынганы баяндалган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан жылына 3 миллиондон ашык тонна көмүр керектелет. Мунун 1 млн тоннадан ашуун бөлүгү калкка туура келет. Ал эми баш калаанын ЖЭБиндеги  көмүрдүн жылдык керектөөсү 1 млн 650 миң тонна.

21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында белгилүү болгондой, ушул убакка чейин Кыргызстанда 500 миң тоннадай көмүр чогултулган. Анын 247 миң тоннасы Бишкек ЖЭБинин кампасына топтолду.

Эске салсак, 2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулугу жок калган. Кийин ишкананын реконструкциясы боюнча «коррупция» беренеси менен иш козголуп, айрым мурдагы жетекчилер соттолгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости