www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз революциянын, бийликти алмаштыруунун лимитин түгөтүп алдык. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкерлиги сунушталган Акылбек Жапаров парламентте баяндама жасап жатып билдирди.
Ал өлкөнү артка тарта турган коркунучтуу эксперименттер жетиштүү эле болду деп эсептейт.
«Бийлик күтүүсүздөн идеалдуу болуп калбайт. Негизи табиятынан идеалдуу бийлик болбойт, болгон дагы эмес. Бирок бизде эмне болду? Баарыбыз саясатташып кеттик. Ал эми бизди курчап турган аалам кескин өзгөрдү.
Бул дүйнөдөгү чоң оюнчулардын карама-каршылыктары, пандемия жана андан келип чыккан кыйынчылыктар, афган очогу түштүктөгү чек арага жакын болушу ойлондурбай койбойт.
Демек, качууга мүмкүн болбогон талаш-тартыштар айланабыздагы жашоо 30 жыл мурункуга караганда өтө кооптуу болуп калганын белгилейт», — деди Жапаров.
Ошондой эле ал мындай шартта күнүмдүк тиричиликтен чыгып, башты өйдө көтөрүүдөн башка айла жок экендигин белгиледи. Аны менен катар өлкөдөгү кырдаалды жана дүйнөнү комплекстүү, максималдуу түрдө объективдүү кароону үйрөнүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg