www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туристтик аймактардын жолу оңдолот. Жапаровдун убадасы

Жазында бардык туристтик аймактардын жолу оңдолуп, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу талапкерлиги министрлер кабинетинин төрагалыгына сунушталган Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Анын айтымында, туристтик жолдорду жергиликтүү бийликтин эмес, Транспорт министрлигинин балансына өткөрүү боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берген.

"Бул боюнча жумуштарды баштадык. Жазында, буюрса, кооз жерлерге бара турган жолдордун баарын асфальттап, татынакай жол салабыз. Урматтуу президент менен макулдашканбыз, жакынкы арада бир миллиард сомдук бюджети менен Туризмди өнүктүрүү боюнча фонд түзүлөт. Биз кошуна мамлекеттерден эң чоң айырмабыз — туризм. Муну колго алабыз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал туристтерди кыргыз элинин менталитетине ылайыктап конок тоскондой кылып тосуу шарттары түзүлөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости