www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцфонддун ордуна Пенсиялык фонд түзүлөт

Социалдык фонддо реформа жүргүзүлөт, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси кызматына талапкер Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында.

Бүгүн, 13-октябрда парламент жаңы Министрлер кабинетинин курамын жана структурасын карап жатат.

Жапаров Соцфонд экиге бөлүнөрүн билдирди.

«Пенсиялык фонд түзүлөт. Бул дүйнө жүзүндө колдонулуп келе жаткан тажрыйба. Ошондой эле бардык социалдык жөлөк пулдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу болот», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости