www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда профилактикалык эмдөөлөр Улуттук эмдөө календарга ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда №4 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Гульнара Ажымалиева билдирди.

Анын айтымында, эмдөө 13 инфекцияга каршы жүргүзүлөт.

"Эмдөөлөрдүн жана вакциналардын ийгиликтүү өнүгүшүнүн аркасында илим адамзат тарыхындагы эң жаман ооруларды жеңди. Алардын арасында: чечек, полиомиелит (шал оорусу),, дифтерия (кептөөр), кызылча оорулары бар", - деди ал

Ошондой эле Ажымалиева Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жана сунуштарына жана GMP (тийиштүү өндүрүш тажрыйбасы) эл аралык стандартткажооп берет, ошондой эле ДССУнун алдын ала квалификациялоо процедурасынан өткөндүгүн белгиледи.

Дарыгер сөзүнүн аягында вакцина менен алдын ала турган оорулар дагы деле абдан коркунучтуу жана эмдөө-алардын алдын алуунун эң жакшы жолу экендигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости