www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК комиссиясы шайлоого аттанган журналисттерге кайрылат

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттануулар боюнча комиссия Жогорку Кеңешке боло турган шайлоодо депутаттыкка ат салышып жаткан журналисттерге кайрылуу таратты.

Медиа-эксперттер медиа өкүлдөрүн - саясатка баруу чечими тууралуу аудиторияга жана коомчулукка маалымат берүүгө чакырат.

«Депутат болууну каалагандардын арасында журналисттердин да ысымдары бар. Кээ бирлери партиялык тизме боюнча талапкер катары катышса, кээ бирлери бир мандаттуу округдан ат салышат. Кыргызстандын Конституциясына ылайык, ар бир жаран талапкерлигин көрсөтүүгө жана шайланууга укуктуу. Дүйнөдө жана Кыргызстанда журналисттер депутат болуп, жогорку кызматтарды ээлеген учурлар болгон», - деп айтылат билдирүүдө.

Коомдук кызыкчылыкты көздөгөн иштери менен атагы чыккан коррупцияга каршы журналисттер парламенттин трибунасынан сөз эркиндигинин өнүгүшүнө салым кошот деген ишеним бар. Комиссияда талапкерлиги ЖКга шайлоого көрсөтүлгөн ЖМК өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын журналисттеринин Этикалык кодекси эске салынды.

Атап айтканда, комиссия кодекстин 5-беренесине шилтеме келтирди:

- Журналист кайсы бир партияга мүчө болуудан, саясий ишмердүүлүктөн, мамлекеттик кызматта же жергиликтүү бийлик органдарында иштөөдөн алыс болушу керек. Болбосо, ал бул тууралуу окурмандарга, угармандарга, көрүүчүлөргө маалымат бериши керек.

Буга байланыштуу ММКга даттануу боюнча комиссия өз чечими тууралуу коомчулукка маалымат берүү үчүн парламентке ат салышып жаткан журналисттерди чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости