www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн жетекчилигине сунушталып жаткан Акылбек Жапаров мындай мүмкүнчүлүк ага жана анын муунундагы саясатчыларга акыркы жолу берилип жатышы ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 13-октябрда парламентте сүйлөп жатып айтты.

Жапаров эгемен Кыргызстандын тарыхындагы окуяларга ал да жооптуу экенин белгиледи:

“Мен биздин муундагы саясатчылар сыяктуу эле 30 жылдын ичинде өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы биздин муундагы саясатчылар үчүн дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен мындай мүмкүнчүлүктү 100% колдонуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм деп сиздерге сөз бере алам”.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап жатат.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрүүдө.

12-октябрда президенттин жарлыгы менен Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин азыркы курамы кызматтан кетти. Кабинет мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнчө өз милдеттерин аткарууну улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости