www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1 жыл мурда мамлекетибизди кылмышкерлер ороп алган болчу, деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал депутаттын кылмыштуулук боюнча суроосуна жооп берди.

«Өзүнүздөр билесиздер, 1 жыл мурун кылмыштуулук кандай акыбалда болчу? Түштүктө өзүнчө мафия, түндүктө өзүнчө мафия бар эле. Кылмышкерлер бири «вор в законе» болуп, бири «положенец» болуп алган. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, башчысы же башкасы болобу, башын көтөрүп көрсүн, башын жанчыйбыз. Бир дагы уюшкан кылмыштуу топ башын көтөрө албайт», - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости