www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия - АКШ менен Түндүк Кореяны элдешүүгө чакырды

Орусия АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы диалогду калыбына келтирүүгө, ошондой эле Пхеньян менен Сеулдун мамилесин жакшыртууга салым кошо алат. Бул тууралуу Корея Республикасынын тынчтык жана коопсуздук боюнча атайын өкүлү Но Гю Док билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

Ал Корей жарым аралындагы тынчтык процесси азыр токтотулганын баса белгиледи.

«Диалог тез арада кайра жандандырылышы керек жана бул иште Орусиянын ролу өтө маанилүү ... Биз Москвадан мурункудай конструктивдүү ролду ойношун суранабыз», - деди дипломат.

Кошумчалай кетсек, Сеул жарым аралдагы аскердик чыңалуунун азайышына үмүт артууда. Түштүк Кореянын аскерлери баардык байланыш линияларын калыбына келтирүү буга салым кошот деп эсептешет.

2020-жылдын жайында Түндүк Корея Корея Республикасы менен баардык байланыш линияларын жаап салган. Андан кийин эки өлкөнүн мамилесинин курчушуна Түштүк Кореядагы Пхеньянга каршы активисттердин КЭДРге үгүт баракчаларын жана материалдарды жөнөтүүсү себеп болгон. 2020-жылдын 16-июнунда Түндүк Корея Кэсон өнөр жай комплексинин координациялык бюросун жардырган. Ошондон бери мамиле чыңалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости