www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан "жакыр өлкө синдромунан" баш тартууда жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөтаралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушканда айтты.

Жолугушуу 18-ноябрда Армениянын баш калаасында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүүнү талкуулашты.

"Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүү жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, өкмөт башчылар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы биргелешкен ишти жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүнү талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости