www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаршенбек Шайлообекович учурдагы белдүү адамдардын бири. Бирок, эне теги уйгурлар кыйнап ийдиби же башка себеби барбы, шайлоо алдында 19-ноябрга карата кызын күйөөгө берүү үчүн «кастинг» уюштуруп жиберди. «Ынтымак» партиясына жашынса да бул жерде Балбак Түлөбаевдин чекеси көрүнүп тургандай. Кээ бир билгендердин айтымында бул кыз өз кызы эмес, агасынын кызы дешет,кайсы адам шайлоо үчүн кызына «кастинг» уютурат? Эгер өз кызы болбосо «кастинг» уюштуруу үчүн сүйлөшүүлөр болду да. Ооба, Шаки «Кыргызстан» партиясын уюштуруу үчүн катуу аракет кылганы белгилүү. Биринчиден, бийлик улам-улам алмашып, экинчиден Шакинин ден соолугуна күч келип чет мамлекетте жүргөнү да жалган эмес. Бирок, шайлоо башталып ал кайрылып келгиче «Кыргызстан» деген парламенттик партиядан жик да калган эмес. «Кыргызстан» партиясын уюштурууда колуна кол, бутуна бут болгон Каныбек Иманалиев ошол кезде эле, Канат Исаев менен батышпай «Ата-Мекен» партиясына кете берген. Исаев Канат канатын «Кыргызстан» турганда каккылап турду. Кээ бир учурда Канат мырза канатын Бабанов үчүн каккылап жиберип анын азабын темир тордо көрүп чыкты.
Атамбаевдин «клон» партиясы «Кыргызстан» 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо СДПКга «клон» катары түзүлгөн. Анткени, мыйзам боюнча бир партия бардык бийликти монополиялаштырып алууга жол берчү эмес. Ошондуктан, Атамбаев «Республика» партиясынан бак таап алдыга умтулуп турган Шакиге «жашыл» жарык берген. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында Чуңкурчак жайлоосунда парламенттик шайлоого даярдануу боюнча атайын жыйын өтөт. Жыйындын башында ал кездеги Кыргызстандын «серый кардиналы» Икрам Илмиянов баш болгон бир топ атка минерлер тагдырды чече турган болот. СДПК добуштун 50 пайызын же 60 депутаттык орун алат деген ишенимде тургандар СДПКга «клон» катары түзүлгөн «Кыргызстан» партиясына ак батасын беришет.
Аты «Кыргызстан» болгону менен «Кыргызстан» партиясынын башында турган, эне теги уйгур, таятасы кыргыздардын колунда өскөн Шаки жетекчиликке алат. «Кыргызстан» фракциясынын жетекчилигине түбү Тынай болгону менен өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Улуттук «Көк бөрү» оюнунун тизгинин тартып, Булат Утемуратовдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен казактын «Көкпар» оюнун алдыга чыгарган Канат Исаев келет. Тынайдын мыкты чыкма балдары Атаке, Карабек, Таштанбек, Жантайлар казактардан кыргыздын намысын сактап, нечен чабыштарда болгон. Бирок Шабданы кулкуну кууруап кетип 40 жылкыга кыргыздын биртке жерин казактарга кармата берген. Абылай хан кыргызды кырып киргенде Жайыл баатырдын күйөө баласы Атаке биринчилерден колуна кылыч алып басып келген адамдарга каршы чыккан. Бердикожо басып киргенде Таштанбек менене Карабек коргоп калган. Абылай хандын небереси Кененсары колун курап киргенде Жантай Ормон хандын оң колу катары кыргныз үчүн туруштук берген. Шабдан Пишпек ойознойунун жардамчысы болуп турганда казактардын айылын кыргыз болуштуктарына кошуп алган, бирок Совет мамлекети келип ал жерде казактар жашайт экен деп, казактарга кошуп ийген. Ушулар менен тукумдаш келаткан Канат Исаев капчыгынын кызыкчылыгы үчүн «Көк бөрүнү» «Көк пар» үчүн жыгып берген. Балким ал Тынай бийдин калмак аялдарынын тукуму болуп жүрбөсүн?
«Кыргызстан» партиясынан 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ат салышка Канат Исаев, Самат Ибраев сыяктуулар ат салышат. Самат Ибраев спикер Дастан Жумабековдун аппаратын жетектеп жүрүп, кыргыз элинин миллиондорун жеп алып Европага качып Болгариядан кармалган баласын коргойт, башка кимди коргомок эле?
Кожобек Рыспаев да 2020-жылы «Кыргызстан» партиясы үчүн төшүн тосуп бергендерден. Ал СДПКда Илмияновдун көчүгүн жыттап жүрүп, анын иши бүтөр менен «Кыргызстанга» ооп келген. «Көчүк жыттоо боюнча» чемпион!
2020-жылы дос катары созуп жүргөн Алмазбек Баатырбеков 2020-жылы биринчи вице-премьер катары Токтогул суу сактагычында суу төмөндөп баратканын билсе да уруп ойногон эмес, себеби Шакинин классташы катары анын үйүндө дайыма жарык күйүп турат эмеспи?
2021-жылдагы парламенттик шайлоодо булардын бири да «Кыргызстанга» назар салбай өздөрнчө кетишкен. Ден соолугун чыңдап келген Шаки караса эле «Кыргызстан» партиясында эч ким жок. Партиянын символдорун алмаштырып, жетекчисин өзгөртүп, Садыр Жапаров президенттен түшүп калса чаба тургандай кылып камдап койду. Шаки өзү Ат-Башыдан шайлоого коюп, кызына кастинг жарыялап жиберди, анын кызын ким алар экен? Салымбековдор бул шайлоодо сайга салып кетсе да Шаки жок дегенде күйөө балалуу болуп калат да.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg