www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд Компани» ишканасын улутташтыруу маселесин караган эмес жана карабайт. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Канада менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери өлкөнүн тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып жатканы боюнча билдирүү жасашкан. Алар дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтор голд компани» ишканасын улутташтыруу маселесин карашы ыктымалдыгын белгилешкен.

«Биз комиссиянын ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгардык. 12-майда айтылган эсептер менен бүтүмдөр күчүндө калды. Иш учурунда бир дагы жолу «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси каралган жок», - деди Жапаров.

Анын айтымында, дүйшөмбү күнү парламенттин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ишканасы тарабынан кеткен кемчиликтер талкууланат.

«Кумтөрдө 19дан ашык адам каза болду. Бүгүнкү күндө биздин жарандардын коопсуздугу үчүн жооп берген компаниянын жетекчилиги Бишкекте эмес. Мындан сырткары, экологияга келтирилген чыгым дагы бар. Соттун чечими боюнча өлкө аймагындагы эң ири экологиялык чыгым ушул компания тарабынан келтирилген.

Так ушул маселелер Жогорку Кеңеште талкууланат. Бирок мында улутташтыруу маселеси болгон эмес. Кумтөр кени үзгүлтүксүз иштеп, ошол эле учурда жумушчулардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралбашы керек», - деди комиссиянын төрагасы.

«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын ала маалыматы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости