www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди.

Өкмөттөн билдиришкендей, эскертүү милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн берилген.

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбестик билдирип, кызматтан алууну сунуштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости