www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакшы жатып жай туруу үчүн эмне жеш керектиги айтылды

Жер жаңгак майы жатар алдында жей турчу пайдалуу азыктардын бири. Бул тууралуу Америкалык диетологдор ассоциациясына шилтеме берип "Известия" жазды.

Жер жаңгак пастасында пайдалуу майлар менен белок бар, алар түнү бою курсакты ток кармайт. Диетологдор бул азыктын эки чай кашыгы эле 7 грамм белок менен 15 грамм пайдалуу май камтый турганын белгилеген.

Изилдөөлөр боюнча жер жаңгактын өзү жаман холестерин менен күрөшүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле Е витамини бар, ал организмде аз болсо уйку начарлайт.

"Жер жаңгакта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Ал организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек", — деген диетолог.

Мындан сырткары, темир, марганец, фосфор жана магний минералдарына бай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости