www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Баткенди өнүктүрүү максатында бюджеттен бөлүнгөн жана элден чогултулган каражаттар максаттуу жумшалбай, талкаланган үйлөр салынып бүтпөй жатканын билдирген айрым жергиликтүү тургундар нааразы болушууда. Эгер эртең кар жаап салса, үйү жоктор эмне болот? Каякка барат?

- Акча бөлүнүп, анан үйлөр курулуп бүтпөй жатканы - бул уюштуруу иштеринин начардыгынан, мамлекеттик органдардын коюлган тапшырмаларды дурустап аткара албагандыгынан кабар берет. Эң жогорку бийлик башындагылар согуш болгон жерлерге барып, менчик компаниялар бүтүргөн айрым үйлөрдү тапшырымыш болуп келди, элдин көзүнө топурак чачып, пиар жасап...

Менин оюмча, Баткен окуясынан кийин калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын Жогорку Кеңеш тактап, текшерип, коомчулукка жеткириш керек.

- Президенттин Баткендеги өкүлү беш эле ай иштеп кызматтан кетти, башкалары деле өздөрүн көрсөтө алган жок. Негизи Баткенге кандай жетекчи келиши керек?

Кадрлардын тез-тез алмашуусу азыркы бийликтин кадрларга, мамлекеттик иштерге, дегеле мамлекеттин өзүнө карата жеңил-желпи мамилесинен кабар берет. Бишкекте бир күндө бир нече мэр алмашканын да көрдүк. «Акимдерди ротация жасайбыз» деп дүңгүрөтүп, анан эле ротацияланган айрым акимдердин кызматтарын таштап, кетип жаткандарын да көрүп жатабыз.

Бул жоопкерсиздик. Баткен облусуна ошол жердин шартын мыкты билген, кайраттуу, иштин көзүн билген азамат керек. Ал жерге барган жетекчиге борбордук бийлик тарабынан бекем колдоо болбосо, анда абал азыркыдан өзгөрбөйт. Колдоо дегенде финансылык колдоо, инвестициялык долбоорлорду түзүшүп, аларды ишке ашырууда ар тараптуу жардам керек.

Мына ошондо жумуш орундар түзүлүп, элдин кирешеси артып, алар ошол аймактарда жашап калат. Ансыз жумушсуздуктан, оор шарттан миграцияга кетип жатат. Өзүңүздөр билгендей, Баткен облусунан ички да, сырткы да миграцияга кеткендердин агымы чоң. Чек араны биринчи кезекте ошол жердеги калк коргойт. Аларды ошол жерде калтыруу жолдорунун бири - жумуш орундары, коопсуздукту камсыздоо, социалдык шарттардын түзүлүшү болуп саналат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости