www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда», - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Анын маалыматына караганда, алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, соцтармакка ар башка жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салууда.

«Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул маселени тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенебиз», - деп белгиледи Эрбол Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости