www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломаттар, өнөктөштөр менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы анын сүйлөгөн сөзүнүн текстин жарыялады. Анда Жапаров Кумтөр маселесине кеңири токтолгон жана аны өлкөнүн "жүрөгүндөгү айыкпас дарт, жоголгон мүмкүнчүлүктөр, уурдалган байлык" деп сыпаттаган.

"Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон "үлүшүн" алып келген деп айтсам мен жаңылышпайм да, ошол эле учурда чоң ачылыш да жасаган болбойм. Муну көрүп-билип турган өлкөнүн башка чиновниктери жана мамлекеттик кызматкерлери эмне гана кылган эмес. Ар ким жогоруда эмне болуп жатканын көрүп, колу жеткен жердин баарын ала башташкан. Башкача айтканда, элде жакшы сөз бар: “балык башынан сасый баштаган". Кыргызстанды кул кылуучу келишимдер жана алардын бузулушу эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы бизди колу-бутубуздан байлап турган”, деп айткан Жапаров.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, иш жүзүндө көзөмөлдөп жатат.

Өткөн айдын аягында Акылбек Жапаров “Центерра Голд” компаниясы Кумтөргө байланыштуу жаңы жылга чейин сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштап жатканын билдирген. Ал Кумтөр маселеси толугу менен чечилгенин, “Центерра Голд” Кумтөргө толук ээлик кылбай калганын тастыктаганын кошумчалаган

Анын алдында "Центерра Голд" Кумтөр үчүн күрөштү, кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантарын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости